Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 Курсан Асановдун мурдагы жубайы: Автоинспекторлор кызым экөөбүздү токтотуп, ТВ журналисттерди чакырышты

«Эртең бизди Курсан Асановдун туугандары деп жардырып салышпайбы?!»

ИИМдин министринин экс- орун басары Курсан Асановдун мурдагы жубайы менен кызын автоинспекторлор кармап алышкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына генералдын мурунку жубайы Жыпар Баргибаева билдирди.

- Биздин «Ала-Тоо айымдары» кыймылыбыз Көчмөндөр оюнуна даярдык көрүп жатат, - деди ал. Кечээ биз акыркы тизмелерди беришибиз керек эле. Аймактан шаарга келиш,өзүңөр билгендей оңой эмес. Кечки саат 9дар эле. Менин унаам Төө-Ашуудан өтө алмак эмес, ошондуктан кызым машинемди ремонтко берүүнү сунуштады. СТОго барып келе калалык дедим. Ушул маалда тааныштарым Фрунзе көчөсүнө келе аласыңбы деп чалышты. Мен жок деп жооп берип, борбордук аянттын жанындагы унаа токтоочу жайда болоорумду айттым. Жогорку соттун жанынан кезигелик деп чечип, ошол жакка бурулдум. Кокустан аркабыздан кандайдыр-бир унаа келип, эки милиция кызматкери андан чыкты.


Баргибаеванын айтымында, унааны Курсан Асановдун кызы башкарып келе жатканын билген укук коргоо органдарынын кызматкерлери дароо ТВ журналисттерди чакырууну чечишет.

- Дароо айдоочу күбөлүктү көрсөтүүбүздү талап кылышты, - деп сөзүн улантты коомдук ишмер. Жол кыймыл эрежесин буздуңар дешти. Озүңөр билгендей, ал жерде ак сызык бар, бирок биз аны кесип да өткөн эмеспиз. Биз жаңы эле Маданият министрлигинен чыкканыбызды түшүндүрүүгө аракет кылдым. Кандай эреже бузганыбызды түшүндүргүлө дедим. Кызымдын документинде «Асанова Эльнура Курсановна» деп турганын окуй калышып, КТРК каналынын кызматкерлерин чакыра калышты. Журналисттер келгенде мен аларга өзүм дагы коомдук ишмер экенимди, көптөгөн жакшы иштерди аткарып жүргөнүмдү айттым. Дегеле бул кырдаал Курсан Асановдун аты менен кандай байланышы бар экендигин түшүнбөй жаттым.

Курсан Асановдун мурдагы жубайы жашыра турган эч нерси жоктугун белгиледи.

- Уяла турган эч нерсе жок, - деп сөзүн улантты Жыпар Баргибаева. - Мен эч кимди урган жокмун, мас абалда унаага отурган жокмун. Мен генералдын мурдагы жубайы экенимди, азыркы маалда аны менен жашабасымды түшүндүрдүм. Андан кийин милиция кызматкерлерине эгерде бул Кашкар Жунушалиевдин заказы болсо, бул жакшылыкка алып барбайт дедим. Буга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү «оозумду жаап, болбогон кепти сүйлөбөшүмдү» талап кылышты.
Мен алардан эмнеге алар башка унааларды токтотпой жатышканын сурасам, алар бизден бошобой жатканын айтышты. Эл арасында бизди шылдыңга салалык дешти булар.

Муну менен бирге Баргибаева алардын үй-бүлөсү кайсы каражатка автоунааларын сатып алганын айтып берди.

- Биз бул машинелерди Оштогу үйлөрүбүздү сатып алганбыз, - деди ал.- Өзүбүз батирде турабыз. Мен коомдук ишмер экенимди айтсам, мага «Силерге окшогондордор жүздөп саналат» дешип, Курсан Асанов жөнүндө да көп жаман сөздөрдү айтышты. Баш ийбей жатканым үчүн опергруппа чакырабыз дешти. Телеканалдын кызматкери да мага жаман сөздөрдү айтты, бул боюнча аталган каналдын башкы директоруна барайын деп жатам. ЖККББнын жетекчисине да кайрылып, биздин чын эле күнөөбүз болгонбу, бул кызматкерлер чындыгында эле ошол участокто иштеши керек беле ал күнү тактамакчымын. Протоколго "Кур коопсуздугу үчүн" деп коюшуптур, а бизде кур байланган болчу. Эгерде биз эч кандай эрежени бузбасак, анда бул кимдир-бирөөнүн заказы болушу мүмкүн.

Жипар Баргибева УКМКга коопсуздук камсыздап берүү өтүнүчү менен кайрыла турганын маалымдады. Жогорку Кеңеш менен президентке да кайрылыш мүмкүн экенин белгиледи.

«Ким билет, эртең бизди Курсан Асановдун туугандары деп жардырып салышаттыр?», - дейт генералдын мурдагы жубайы.

Ал ортодо Vesti.kg бул тууралуу ЖККББна кайрылып, алар Курсан Асановдун мурдагы жубайы тарабынан айтылган маалыматты тактап жатышканын билдиришти.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх