Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын экс-башчысы: Сооронбай Жээнбеков жолугушууда «Биз бир командабыз» деди

 Кеңешбек Дүйшөбаев президент Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү менен кандай суроолорду талкуулаганын айтып берди

Президент Сооронбай Жээнбековдун Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү менен өткөн жолугушуусунда жеке кызыкчылыктарга тийиштүү суролоор талкууга алынган жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМнын мурдагы төрагасы, Убактылуу өкмөттүн экс-мүчөсү Кеңешбек Дүйшебаев билдирди.

- Жолугушуу жылуу маанайда өттү, - деп белгиледи ал. Биз коомчулукту кызыктырган суроолордун бардыгын талкууладык, ар бирибиз өз пикирибизди, конкреттүү сунуштарыбызды билдирдик. Темир Сариев, мисалы экономикага тийиштүү, министрликтердин ишин жакшыртууга тийиштүү суроолорду көтөрдү, мен улуттук консенсус жана туруктуулукка байланыштуу, Роза Исаковна ачыктык, өткөрүлүп жаткан реформалардын айкындуулугуна тийиштүү жалпы маселелерди көтөрдү.Эмилбек Каптагаев идеологиялык мүнөздөгү маселелерге токтолуп, коомчулукка маалыматтарды жеткирип туруу жөнүндө сөз козгоду.

Муну менен бирге УКМКнын мурдагы башчысы жолугушууда президенттин өзүнүн айткан сөздөрүнө да токтолду.

- Өз сөзүндө мамлекет башчы баарыбыз бир команда экенибизди айтты, - деп кошумчалады Дүйшөбаев. Ал 2010-жылы биз мамлекет менен коом алдыында жоопкерчилик алганыбызды эске салды. Президент ал маалда эл алдында берилген убадалардын аткарылышынын зарылдыгы жөнүндө сүйлөдү. Бизде туруктуу абалда ошол убадаларды аткаруу мүмкүндүгүбүз бар. Баарыбыз эл алдында жооптуубуз деген жалпы пикирге келдик.


Кеңешбек Дүйшөбаев аягында өтүп кеткен жолугушууда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири да жеке кызыкчылыктарын көздөбөгүн баса белгиледи.

- Көптөр биз жеке кызыкчыларыбызды көздөп, жолугушту деп ойлошууда. Бул андай эмес. Кадрдык маселелер жөнүндө сөз болгон жок. Эч ким өз талапкерлигин же партиясын үгүттөгөн жок. Керектүү маалда кезигип, маселелерди чечип турмакчы болдук. Президенттин аппараты менен байланышып турабыз. Бардыгы кырдаалга жараша болот.

Эске салсак, 14-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Убактылуу өкмөттүн мүчөрү менен жолугушуу өткөргөн. Ага Роза Отунбаева, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Элмира Ибраимова, Темир Сариев, Иса Өмуркулов, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Эмилбек Каптагаевдердин катышканы белгилүү.

Медина Купсулдаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх