Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маданият министри Көчмөндөр оюнунун ачылышына стадион даяр болот деп ишендирди (сүрөт)

 Буга чейин интернет тармакта спорттук жайдын ырайы суук сүрөттөрү жарыяланган

Таластагы ипподром бүгүн боло турган Улуттук көчмөндөр оюнунун ачылышып даяр болот. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

- Мен өзүм стадионду көрө элекмин, бирок мага ачылышка чейин бардыгы даяр болоорун маалымдашты, - деп ишендирди ал. Балким, кечээ кандайдыр-бир акыркы жумуштар жасалып жаткан болушу мүмкүн. Бүгүн көк-бөрү боюнча биринчи мелдештер башталат.

Тактай кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Таластагы стадиондун сүрөттөрү жарыяланган. Сүрөттүн автору Көчмөндөр оюндары мына башталайын деп турганда, спорттук жайдын иш-чарага такыр эле даяр эместигин жазган.

Көчмөндөр оюндарына даярдык начар деңгээлде өткөнү боюнча өз пикирин КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков дагы билдирген.
«Бул Талас облусунун губернаторунун акыркы иш күндөрү көрүнөт, - деп жазган ал социалдык тармакта. Бул жерде жалгыз эле губернатордун эмес, Минфин, маданият министрилигинин, өкмөттүн, жооптуу болгон бардыгынын күнөөсү бар. Кызматтан алып салуу эч нерсени сактабайт».

Вероника Малышева
Фото www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх