Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Справедливая Россия” партиясы Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

“Биз РФсы менен КРнын ортосундагы туруктуу шериктештикке сиздин кошкон салымыңызды жакшы билебиз жана баалайбыз”

“Справедливая Россия” партиясы Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата куттуктоо катын жөнөттү.
“Биз РФсы менен КРнын ортосундагы туруктуу шериктештикке, эки эл арасындагы достук карым-катнаштын бекемделишине сиздин кошкон салымыңызды жакшы билебиз жана баалайбыз”, - деп жазылган куттуктоодо.


Партияда “Справедливая Россия” менен Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын ортосунда үзүрлүү кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп келе жатканын баса белгиленди.


“Эч кандай кыйынчылыктар орус жана кыргыз социал-демократтарына эки мамлекеттин жарандарынын кызыкчылыктарында эркиндик, акыйкаттык жана тилектештик принциптерин коргоого тоскоолдук кыла албайт”, - дешкен алар куттуктоосунда.


Партия Алмазбек Атамбаевге бекем ден-соолук, кажыбас кайрат жана акыйкаттыкка чексиз ишеним каалап өтүштү.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх