Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата уюштурулуп жаткан концерт болбой калды

Чыгармачыл кечени кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу токтотуп коюшканы маалымдалды

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата уюштурулуп жаткан концерт бүгүн болбой калды. Бул тууралуу КСДП партиясы маалымдайт.

Билдирүүдө мындай чечим кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кабыл алынганы белгиленген.


«ЖМКнын маалыматтарына ылайык бир аскер кызматкери каза таап, 10дон ашык киши жарадар болгон кыргыз-тажик чек арасындагы абалдын курчушуна байланыштуу, саясий кеңеш буга чейин пландаштырылган концертти өткөрбөө чечимин кабыл алды. Чек арадагы жаңжал уланып жаткан ушул маалда, кандайдыр-бир көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүү жабыр тарткандар менен алардын жакындарынын астында сыйлабагындыкка жатмак. Мына ошондуктан, бүгүнкү концерт, массалык иш-чараларды өткөрбөй, куттуктоолорду Facebook социалдык тармагындагы биздин баракчабыз аркылуу кабыл алуу чечими кабыл алынды. Сиздердин бардык каалоо-тилектериңиздерди биз Алмазбек Шаршеновичке жеткиребиз!», - деп жазылат катта.


Эске салсак, буга чейин КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Vesti.kg сайтына майрамдык концерт 17-сентярда Горький сейил багында өтөөрүн маалымдаган.


Мурдагы президент 63 жашка толду.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх