Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын ИИМне чакырылган тажикстандын элчисине нааразычылык нотасы тапшырылды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы абалдын курчушуна тажик тараптын аскер кызматкерлери толугу менен жооптуу деп билдирди

Тажикстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Ходжа Олимзода бүгүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

КРнын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Ниязалиев элчиге нота тапшырып, анда Кыргыз Республикасынын «Максат» жана «Сай» чек ара бекеттерине биринчи болуп ок чыгарышкан Тажикстандын УКМКнын чек ара аскерлеринин мыйзамсыз аракеттери катуу сынга алынган. Бул мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскери каза таап, 7 жаракат алган.

Мындан сырткары, Кыргызстандын 7 жай тургуну, анын ичинде жашы жете элек бир балага ок тийип, айтылган чек ара бекеттери жана КР жарандарынын - жергиликтүү жашоочулардын үйлөрү бузулган.

Ниязалиев тажик тараптын КРнын чек ара бекеттериндеги аскер кызматкерлери менен Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочуларына каршы ок чыгарууга жол берилбеши керектигин белгиледи.

Аталган окуя кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймакка кыргыз тарап менен макулдашпастан тажик тараптын аскердик байкоо бөлүгүн куруу иштеринен улам башталып, чек арадагы кырдаалдын курчушуна жоопкерчилик толугу менен тажик тараптын аскерлерине жүктөлөт.

Мындан сырткары, Тажикстандын элчисине кыргыз тарап тарабынан үстүбүздөгү жылдын август-сентябрларына карата катталган Тажикстан республикасынын компетенттүү органдарынын, жергиликтүү бийликтин жана жай жарандардын мыйзамсыз чагымчыл аракеттери туурасында дагы маалымат тапшырылды.

Тажик тараптын аракеттери эки мамлекет башчыларынын 2019-жылдын 26-июлундагы Кыргызстан менен Тажикстандын эли ортосундагы ынтымак-ырашкерликти сактоого багытталган жолугушууда жетишкен макулдашууларына каршы келери белгиленген.

Кыргыз тарап тажик тарапка кырдаалдын мындан ары курчушун токтотуу, окуяга бирдиктүү иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдүү жоопкерчиликке тартуу максатында ыкчам көрүү тарабы менен кайрылды.
Ниязалиев бардык көйгөйлөр сүйлөшүүлөр жолу менен эки мамлекеттин ортосундагы боордош мамиленин негизинде чечилиши керектигин баса белгиледи.

КРнын ТИМнин Маалымат департаменти
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх