Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек ИИББнын башчысынын орун басары: Митингге уруксат алынган эмес, бирок, эч ким кармалган жок

«Биз Баткен менен». Милиция кызматкерлери активисттерди чын эле кармап кетиштиби?(видео)

Бишкекте Жогорку Кеңештин алдында «Биз Баткен менен» ураанынын алдында митинг болуп өттү. Нааразычылык акциясынын катышуучулары социалдык тармактарда укук коргоочулар тарабынан алардын көбү кармалганын жазышкан. Активисттер милициянын кызматтык автобусунда отурган видеосун жарыялашкан.


Ал ортодо Бишкек ИИББнын башчысынын орун басары Эрлан Атантаев бул маалыматты четке какты.

Ал Vesti.kg сайтына берген маекте митингчилер Биринчи май акимиатына чек арага жакын жашаган тургундарга гуманитардык жардам жиберүү мүмкүндүгүн талкуулаганы бет алышкан.

- Митингге санкция берилген эмес, катышуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, бирок, эч ким кармалган жок, - деп ишендирди Атантаев. Чогулгандар сүйлөшүү үчүн бөлмө сурашты, биз Биринчи май акимиатынын имаратын сунуштадык.Азыр алар ошол жерде.

Эске салсак, кечээ кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп, 13 киши жабыркаган. КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын багыттагы бөлүмдүн бир жоокери каза тапты.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх