Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев: Баткенге коркок саясий сойкуларды жөнөтпөгүлө

Саясатчы өз элинин тынчтыгы менен кооопсуздугу үчүн бардыгына даяр экенин билдирди

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев бийликтегилерге жаңжал чыккан кыргыз-тажик чек арасына чыккынчыларды, саткындарды, коркокторду жана саясий сойкуларды жибербеш керек деген кеңешин берди.

Өз билдирүүсүн ал Фейсбук социалдык тармагына жарыялаган. Ал өзү айтымында азыр чет өлкөдө.

«Кечээ Баткенде болгон чек ара жаңжалы ар бир кыргызстандыктын тынчытыгын бузду. Мен чет өлкөдө болуп калдым, бул окуя жүрөгүмдү тилип кетти. Бардыгыбызга сабырдуулук керек азыр. Биз мамлекет, президент жана бийликке ээ элбиз. Мамлекетти, эл-жерди сактоо - алардын түздөн-түз милдети. Ошондуктан, биз аларга ишенүүгө мажбурбуз. Эгерде, маселени чече алышпаса - анда бул башка сөз. Бирок, ал жерге чыккынчыларды, саткындарды, коркокторду жана саясий сойкуларды жибербегиле! Мен жеке өзүм элимдин тынчтыгы, бүтүндүгү жана коопсуздугу үчүн ар дайым,кандай кырдаал болбосун - бардыгына даярмын», - деп жазган Ташиев.

Мындан сырткары, ал Чек ара кызматынын каза болгон жоокеринин ата-энесине көңүл айтып, азасын тең бөлүшөрүн билдирген.


Манас Кольбаев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх