Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев чек арадагы кырдаал боюнча үн катты

Мурдагы президенттин уулу СИЗОдо отурган атасы менен жолугуп, чек арадагы кырдаал боюнча анын пикирин коомчулукка жарыялады

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын чек араларында тынчтыктын жана туруктуулуктун жакынкы арада орношуна үмүт артат. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагында анын уулу Кадырбек Атамбаев жазган.

Ал апасы экөө Алмазбек Шаршеновичтин туулган күнүндө анын менен жолугушууга мүмкүндүк алганын билдирген.

- Кыргыз- тажик чек арасында болуп өткөн окуялар аны катуу тынчсыздандырды, - деп белгилейт Кадырбек. - Ал Кыргызстандын чек араларында тынчтыктын жана туруктуулуктун жакынкы арада орношуна үмүт артат. Экс-президенттин айтымында, Кыргызстандын бийлиги азыр болгон күчүн анын тарапташтары менен күрөшүүгө эмес, мамлекеттин коопсуздугуна байланыштуу курч маселелерге жумшоого тийиш.

Кадырбек Атамбаев атасынын маанайын түшүрбөөгө аракет кылып жатканын жана абалы да жакшы экенин белгиледи.

- Ага акыркы жаңылыктарды айтып берип, жакынкы арада мен ага бере турган адабияттар жөнүндө сүйлөштүк, - деп жазган ал. Алмазбек Шаршенович бардык тарапташтарына жана үзөңгүлөштөрүнө жалындуу салам айтты.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх