Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Руслан Казакбаев: «Мен эч качан УКМКда иштеген эмесмин»

Депутат генерал Токон Мамытов өкмөттө эмнеге ага «кесиптеш-чекист» деп кайрылганын түшүндүрдү

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Руслан Казакбаев акыйкатчы Токон Мамытовдон мамлекеттик сырга ээ абактагы айрым саясатчылар туурасында суроо узатты.
- Алар мыйзамга ылайык жазаларын өтөп жатышат. Кийин алар жалпы абактарга которулушат. Жакында эле бизге келген бир чет элдик эксперт, Кыргызстанда мындай адамдарды кармаганга шарттар түзүлбөгүн айтты. Алар кийин мамлекеттин коопсуздугуна залакасын тийгизбейби? - деп суроо узатты эл өкүлү.

Буга Мамытов «кээ бир мамлекеттик сырлар үч күн, кээ бирлери 30 жылдан ашык «жашаарын» айтты.

- Албетте, мындай сырларды билген саясатчылардын жашоосун көз жаздымда калтырбаш керек, - деп моюнга алды Токон Болотбекович.

Бирок, депутат бул маселени кантип чечсе болоору туурасында суроо узатканда, Мамытов ага: «Биз экөөбүз кесиптеш-чекисттербиз. Мурдагы чекисттер болбойт. Мен сизге кирип, экөөбүз пикир алмашсак болобу?» деп жооп берген.

Белгилей кетсек, депутат Руслан Казакбаевдин расмий биографиясында улуттук кооопсуздук органдарында иштегендиги тууралуу маалымат жазылган эмес.

Vesti.kg Руслан Казакбаевге кайрылып, атайын кызматта иштеген Токон Мамытов аны «кесиптеш-чекист» деп атса, демек ал мурда УКМКда иштеген беле деп сурады.

- УКМК жанан ТИМ маалымат жана аналитика жааты боюнча тыгыз иштешет, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. - Токон Мамытов мени ушул мааниде «кесиптеш-чекист» деди. Эмнеге антип айтты билбейм. Жыйында мен абдан маанилүү суроо көтөргөм.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх