Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмурбек Текебаев дарыгерлердин кеңеши менен арыктай баштады

Саясатчы спорт менен машыгып, сууда сүзүп баштады

Үй камагына чыгарылган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмурбек Текебаев дарыгерлердин кеңеши боюнча спорт менен машыга баштады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясатчы өзү айтып берди

- 5-7 килограммга арыкташым керектигин дарыгерлер айтышты, - деди Текебаев. Ошондой эле, ден-соолукту чыңдоо үчүн спорт менен алектенишим зарыл экен. Бирок, көп күч келтирүүгө болбойт, жөө басып, сууда сүзүп жатам.

Буга чейин социалдык тармактарда Өмүрбек Текебаевдин самбо боюнча СССРДни чемпиону Алмаз Досматов менен түшкөн сүрөтү жарыяланган эле. Колдонуучулар Жогорку Кеңештин экс депутатынын согуш өнөрү менен машыга баштаганын божомолдошкон.
Vesti.kg сайтына берген Өмурбек Чиркешович Досматов менен түшкөн сүрөт спортзалда тартылганын тактады.


- Жок, мен самбо менен машыккан жокмун. Машыгуу маалында чогуу сүрөткө түшкөн болчубуз. Ал дагы ошол жерге келет, -деди Текебаев.

Эске салсак, ЖКнин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев 29-августта үй камагына чыгарылган.

Ага чейин КРнын Жогорку соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновдун ишин ачылган жаңы жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу чечимин кабыл алган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орус бизнесмени Леонид Маевскийден MegaCom уюлдук операторунун башкаруусуна кирүүгө мүмкүндүк алуусу үчүн 1 млн АКШ доллар өлчөмүндө пара алышкан деп күнөөлүү табылышып, КР ЖКнин «Коррупция» беренеси боюнча соттолушкан. Экөө тең 8 жылга эркинен ажыратылып, мүлктөрү конфискацияланган.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх