Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирина Карамушкина: КСДПнын документтери менен мөөрүн биз чет өлкөгө катып койдук

 Эл өкүлү алар документтерди Алмазбек Атамбаев кармалгыча эле катып коюшканын билдирди

КСДПнын укук белгилөөчү документтери менен мөөрү Кыргызстанда жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖК депутаты, «социал-демократтардын» саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкина маалымдады.

- Биздин партияга рейдерлик чабуул эчак эле башталгандыктан бизден партиянын документтери менен мөөрүн тартып алууга аракет кылышаарын божомолдогонбуз. Ошондуктан, биз аларды катып койдук, - деди ал. - Бул Алмазбек Шаршеновчтин кармалышына чейин эле болгон.

Ирина Юрьевна альтернативдик КСДПнын лидери Сагынбек Абдрахмановго прокуратура социал-демократтардын мүлкүнө кирүүгө мүмкүндүк берип, кийин алар «Форумдун» имаратынан чыгарылып кеткенине нааразычылыгын билдирди.

- Бизди - партиянын чыныгы мүчөлөрүн биздин кабинеттерден бардыгын чыгарып кетип жаткан маалда чакырып дагы коюшкан жок, - деп кейиди ал. Ошондо кандай болуп калат - Аскердик прокуратура Абдрахмановдун биздин мөөргө жетиши үчүн мүлкүбүздү чыгарып кеттиби? Мейли эми, убактысы келгенде ал дагы бардыгына жооп берет.

Тактай кетсек, альтернативдин КСДП партиясынын мүчөсү Сагынбек Абдрахманов 24.kg сайтына берген маегинде «Форумдагы»"партиянын кеңсесин тинтүүдө мөөрдүн да, укук белгилөөчү документтердин дагы табылбаганын билдирген. Бирок, ал буга карабастан «социал-демократтардын» чыныгы лидери экенин айтууну улантууда.


Вероника Малышева
Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх