Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Шыкмаматов: Көчмөндөр оюндары - акчаны асманга сапыруу. Бул акылсыздык жана сарамжалсыздык

Таластын тургуну өкмөттөн чек арада адамдар окко учуп жаткан маалда спорттук иш-чараны токтотууну суранды. Эл өкүлдөрү бул пикирди туура дешүүдө

Талас облусунун тургуну Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге кайрылып, аймакта 16-октябрда башталган Улуттук көмөндөр оюндарын өткөрүүнү токтотууну суранды. Бул тууралуу эл өкүлү Фейсбук социалдык тармагына жазган.


«Бүгүн мага Таластан бир жашоочу кайрылып, өкмөткө көчмөндөр оюндарын токтотуу талабын жеткирүүмдү талап кылды. «Чек арада элдер өлүп атса, биз оюн өткөрүп жатабыз» деп ачык эле айтты», - деп жазган ал.


Муну менен бирге депутат оюндар боюнча өз пикирин дагы билдирген. Бекешев, оюндарды мындай түрдө өткөрүүнү акчаны асманга сапыруу менен салыштырды.
«Албетте, чек арадагы жаңжалдан улам бул оюндардын кызыгы кетип калды. Бул өкмөттүн күнөөсү эмес, бирок, алар оюнду мындай өңүттө баштабашы керек эле. Бардыгы эч кандай көңүл, дымак жок башталган. Бул оюндар - акчаны жөнү жок чачуу. Туристтерди мынтип тарта албайсың.

Бул оюндарды аягына чыгаруу керек, анткени, спортчулар даярданышты, волонтёрлор иштеди - алар бул иш-чаранын чабал өткөнүнө күнөөлүү эмес. Кийинки жылы эч кандай оюн өткөрбөй эле коюш керек. Биздин колубуздан оюн өткөрүү да келбейт.Улуттук көчмөндөр оюндары биздин брендибизге айланышы керек эле; сонун ТВ-шоуга айлантса болот болчу. Киреше түшүрсө болор эле», - деп жазган эл өкүлү.

Депутаттын пикирине кесиптеши Алмамбет Шыкмаматов кошулду. Көчмөндөр оюндары - акчаны асманга сапыруу, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Менимче, бул оюндарды жыл сайын өткөрүп туруу идеясын токтотуу керек. Биз чачыбызга чейин карызга батып, бүтпөгөн тойлорду карызга өткөргөн үй-бүлөгө окшошуп калдык. Бул акылсыздык жана сарамжалсыздык. Эске салсак, оюндар улуттук жети оюн түрү боюнча өтүп, ага өлкөнүн жети облусунан келген командалар катышууда.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх