Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаев иштин материалдарын карап чыкпастан протоколго кол коюп берди

Мурдагы президенттин жактоочусу аларга документтерди маани-мазмунун карап чыгууга мүмкүндүк беришкен жок дейт

Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш иши менен таанышкандыгы жөнүндө протоколго документтерди окуп чыкканга жетишпей калганына карабастан кол койгонго мажбур болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

- Ал 27 томду гана барактап чыкканга жетишти, кылмыш иши менен толук таанышып чыга алган жок, - деп түшүндүрдү Слесарев. - Иш менен таанышуу - анын маани-маңызын түшүнүп, талдап, чечим чыгарып, өз позицияңды иштеп чыгууну түшүндүрөт.

Мындан сырткары, юрист ар бир том болжол менен 25-300 барактан турарын кошумчалады.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх