Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаевдин күзөтүнүн башчысы УКМКнын 9-кызматынан бошотулду

 Канат Сагынбаев Атамбаевди видео кайрылууда куттуктаганы үчүн кызматтан алынган

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жеке күзөтүнүн башчысы Канат Сагынбаев УКМКнын 9-кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Vest.kg сайтына Сагынбаевдин кызыкчылыгын коргогон жактоочу Замир Жоошев маалымдады.

Юрист жеке күзөттүн башчысы Атамбаевди видео кайрылууда куттуктаганы үчүн кызматтан алынганын маалымдады.

- УКМКнын ички нускамасына ылайык, ал журналисттерге кандайдыр-бир комментарий берип же болбосо коомчулукка видео кайрылуу кыла албайт, - деп түшүндүрдү Жоошев. Бирок, видео аркылуу куттуктоого тыюу салынган эмес.


Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх