Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Замир Жоошев Атамбаевдин күзөт башчысы кызматтык куралын эмнеге тапшырбаганын түшүндүрдү

 Жактоочу УКМКнын кызматкерин иштен алууга акыркы шылтоо баары бир видео-куттуктоо болгондугун айтууда

Мурдагы президенттин экс күзөт башчысы Замир Жоошев Vesti.kg сайтына Канат Сагымбаев эмнеге кызматтык куралын тапшырбаганын айтып берди.

Тактай кетсек, буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы Сагымбаев июль айында кызматтык куралды тапшыруу буйругуна баш ийбегендиги тууралуу маалыматты жарыялаган эле.


Жоошевдин айтымында, күзөт башчысы кызматтык куралын үстүбүздөгү жылдын июль айында Атамбаев Москвага барган маалда тапшырган эмес.

- Сагымбаев кызматтык куралын объект (Алмазбек Атамбаев) Москвага жетип, тосуп алынгандыгы жөнүндө ырастоо алгычакты тапшырган эмес, - деп тактады ал. - Элестетиңиздер: объект Канттан учуп чыгып, кандайдыр-бир себептер менен кайра келип калат. Мындай учурда объектти үйүнө чейин курал менен коштоп баруу зарыл. Мына ушундай кырдаал болбош үчүн ал учактын конгондугу жөнүндө билдирүү алгыча куралын тапшырган эмес. Инструкцияда да ушундай жазылган.

Мындан сырткары, жактоочунун сөзү боюнча Атамбаев Москвага конгондон кийин, Сагымбаев белгиленген тартипте кызматтык куралын тапшырган.

Жоошев, ошондой эле Сагымбаевди иштен алуунун акыркы шылтоо баары бир анын Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө жаздырылган видео куттуктоого катышуусу болгондугуна ишенет.


Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх