Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чыныбай Турсунбеков Ширин Айтматованын сөздөрү туурасында: Ит үрө берет - кербен жүрө берет

Депутат «ун мафиясына» катыштыгы бар деген айыптоолор боюнча үн катты

Депутат Чыныбай Турсунбеков өкмөттө «ун мафиясынын» кызыкчылыктарын коргойт деген айыптоолорго жооп берди. Vesti.kg сайтына берген маегинде ал импорттук унду КНСтен бошотуу боюнча мыйзам долбооруна тиешеси жоктугун билдирди.

- Мен анда каршы добушумду бергем керек болсо, - деди эл өкүлү. - Ит үрө берет - кербен жүрө берет.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова парламенттеги «ун мафиясы» тууралуу айтып чыккан эле.

Ал кээ бир партиялар, анын ою боюнча, шайлоо алдындагы кампанияга кетирген акчаларын ЖКда иштеген биринчи эле жылында эки эселеп кайра табышканын айтып чыккан.

«2015-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышына шайлоо өтүп, КСДП, «Республика – Ата-Журт», «Өнүгүү– Прогресс», «Бир Бол» жана «Кыргызстан» партиялары жеңип чыгышкан, - деген ал өз сөзүндө. - Ал эми, мындан көп өтпөй - 14-октябрда эле өкмөттүн токтому менен парламентке өлкөгө кирген буудайды кошумча нарк салыгынан бошотуу боюнча мыйзам долбоору киргизилген жана ал колдоо тапкан».

Айтматованын пикиринде, мунун себеи - фракциялардын лидерлери ун бизнесине ээ.

Экс-депутат КСДПнын мурдагы лидери Чыныбай Турсунбеков 1992-жылдан 2010-жылга чейин «Акун» ЖАКнун жана «Бишкек ун комбинатынын» башкы директору болуп эмгектенгенин эске салган.

Айтматова «Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов «Аю» холдингинин негиздөөчүлөрүнүн бири экендигин жана кыргызстандык бир нече макарон өндүрүүчүлөргө ун ташыган ОсОО KazGrain ишканасына ээлик кылаарын да эскерткен.

Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев 2000-жылдан 2007-жылга чейин «Марьям» ЖЧКнун башкы директору болуп турганын, азыр анын ордуна жубайы иштээрин айткан.

«Бир аздан кийин эле Мирлан Бакиров (Өнүгүү-Прогресс) буудайдын өндүрүүчүлөрү өндүргөн унду дагы КНСнан бошотууну сунуштаган, - дейт Айтматова. – Мирлан Бакиров өмүр бою партиянын лидери Бакыт Төрөбаевге тиешелүүү «Мариям и Ко» компаниясында иштегенине көңүл буруңуздар.
Мындан сырткары, мурдагы депутат Бакиров менен азыркы спикер Дастанбек Жумабеков «Матраимовдордун кланы» менен тыгыз байланышы бар экендигин да белгилеген.

«Бул мыйзам долбоорлорун сунуштаган депутаттар анда жөнөкөй эл менен нандын баасын ойлоп жатышканын айтып, көкүрөк чабышты эле, - дейт Ширин Айтматова. - Кана көрөлүкчү, ушул мыйзам иштеп баштагандан бери ундун баасы арзандаптырбы?».

2016-жылы ундун баасы чындыгында эле арзандаган, бирок, бул КНСнын жоюлушу менен эмес Казакстандагы буудайдын мол түшүмүнө, тенгенин АКШ долларына карата девальвациясына жана КРнын ЕАЭБге киришине байланыштуу болгон деп эсептейт ал.

Ал тургай, 2017-жылы биздин өлкө бюджетти колдоого Эл аралык валюта фондунан 1 млрд 800 млн сом ала албай койгон. Эл аралык валюта фонду ачык эле «ун» законун көрсөтүп, казынага пайдасына каршы - буудайды ташып келгендерге мынчалык «боорукерлик» көрсөтпөй эле коюну сунушташкан.

«2017-жылдын аягында өлкөгө кирген ун менен буудай үчүн КНСты кайтарышкан, бирок, ундун баасы ошондо 2016-жылы арзандабагандай эле, көтөрүлгөн дагы эмес, - деп сөзүн жыйынтыктаган экс-депутат.

КНС тууралуу мыйзам иштеген эки жылдын биринчи жылында эле, анын айтымында «ун мафиясы» 650 млн сом тапкан. Демек, дал ушундай сумма бюджетке түшпөй калган.

«Шайлоо алдындагы кампанияга КСДП (103,2 млн сом), «Өнүгүү – Прогресс» (119,1 млн сом) жана «Кыргызстан» (79,1 млн сом) 301, 4 млн сом коротушкан, - деген Айтматова. - Бардык чыгымдарын актап, үстүнө 350 млн сом дагы табышкан, бул - бир эле мыйзамдан. Ал эми ошол маалдагы биринчи вице-премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин сөзү боюнча, ошол эле 2016-жылы ушул сыяктуу лоббиленген мыйзамдардын айынан бюджетке 6 млрд сом түшпөй калган».

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх