Исмаил Исаков: Карамушкина менен Кодуранова анчалык кыйын болсо, анда парламенттен суракка алалык
Кой-Таштагы окуялардын иликтеген Мамлекеттик комиссия эки эл өкүлү жок жыйынды улантса болобу-жокпу чечишүүдө
Депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова Кой-Таштагы окуяларды иликтеген Мамлекеттик комиссиянын жыйынына катышуудан баш тартышты. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков жыйында билдирди.
Анын айтымында, алар эл өкүлдөрүн мажбурлап, жыйынга катыштыра алышпайт.
- Биз кимдир-бирөөнү катышууга мажбурлагандай тергөө органы эмеспиз. Бул алардын иши, - деди Разаков.
Экс-депутат Исмаил Исаков эки эл өкүлүн баары бир суракка алуу керек деп чыкты.
- Алардын иши эмес имиш, - деди ал. - Алар окуядан баштан-аяк жүрүштү. Алар кишинин өлүмүн алдын алып, барымтага алууларды токтото алат беле биз билишибиз керек. Конституцияда мамлекеттик кызматчылар өз ыйгарым укуктарынан сыртка чыкпашы керек деп турат, алар болсо чыгып кетишти. Биз эмнеге алар ал жерде жүрүштү билишибиз керек. Кийин коомчулук бизге эмнеге муну териштирген жоксуңар дейт. Алардын сөзү абдан маанилүү, андыктан, алар келиши керек. Баш тартышканы - туура эмес. Алар комиссиянын ишине бут тосуп жатышат. Анчалык кыйын болушса, анда Жогорку Кеңеште суракка алалык деп сунуштайм.
Комиссиянын башка мүчөсү, генерал Артур Медетбеков кесиптешинин сөзүнө кошулуп, Карамушкина менен Кодуранова Кой-Ташта эмне болгонун айтып бериш керек деген пикирин билдирди.
- Комиссиянын иши коомчулукта талкууланууда. - Андыктан, алар коомчулукка бул окуялар эмнеден улам келип чыкканын айтып бериш керек.
Алишер Мамасалиев, өз кезегинде депутаттарды коргоп чыкты. Ал комиссия депутатарды мажбурлай албайт деген оюн айтты.
- Кандайдыр-бир себептерден улам алар катыша албай калышты, - деди комиссиянын мүчөсү. - Бул алардын иши. Мажбурлабай эле коюшубуз керек деп ойлойм.
Клара Сооронкулова болсо депутаттар мамлекеттик кызматкерлер катары мамлекеттик комиссиянын суроолоруна жооп бериш керек деди.
Юстиция министри Марат Жаманкулов Карамушкина менен Кодуранованы суракка алуу мүмкүн болбогондугуна карабастан, комиссиянын ишин улантууну сунуштады.
- Бизге мөөнөт берилген, андыктан, жыйынды улантууга тийишпиз, - деди ал. - Аларга билдирме барган, келишкен жок. Бул, комиссиянын ишин токтотууга жүйө эмес.
Жеңиш Разаков депутаттарды Жогорку Кеңештин жыйынында суракка алууну сунуштады. Мамлекеттик комиссия буга макул болду. Карамушкина менен Кодуранованы 25-сентябрда парламенттин жыйынында угуп чыгуу чечими кабыл алынды.
Гулиза Чудубаева
фото www