Эмнеге мамлекеттик сырларды билген Атамбаев эмнеге резиденцияда жашаган эмес?
Кой-Таштагы окуяларды иликтеген комиссия улуттук коопсуздукка тиешелүү бул маселени эмнеге башкы прокуратура көзөмөлдөгөн эмес деди
Мурдагы президент мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо максатында Мамлекеттик резиденцияда жашашы керек эле. Бул тууралуу Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын жыйынында комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова айтып чыкты.
Ал Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнөн эмнеге алар Атамбаевдин кайда жашагандыгын иликтешпегендигин сурады.
- Биз ага «экс-президент» статусун берип, Мамлекеттик резиденциядан үй бөлүп беребиз, ал болсо Кой-Таштагы өз үйүндө жашайт. Эмнеге? - деди ал. - Бул мамлекеттик коопсуздук маселеси. Ал мамлекеттик сырларды билет. Эмнеге бул фактыга Башкы прокуратура көз жумду?
Мындан сырткары, ал Кой-Таштагы окуяларга эмне түрткү болгонун сурады.
Башкы прокуратуранын төргөөсүн көзөмөлгө алган башкармалыктын башчысы Замирбей Бейшекеев азыр тергөө жүрүп жатат деп жооп берди.
- Тергөө аяктагандан кийин биз пресс-конференция өткөрүп, бардык суроолорго жооп беребиз, - деди ал.
Гулиза Чудубаева
фото www