УКМК менен ЭКККМК «Финполициянын» башкармалык жетекчисинин кармалышы боюнча үн катпай жатышат
Такталбаган маалыматка ылайык, Азамат Мамбеталиевдин баш коргоо чарасы бүгүн каралат
Бишкекте Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын оперативдик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Азамат Мамбеталиев кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өздүк булактар маалымдады.
Такталган маалыматка ылайык, ал 2 миң АКШ доллар пара алган деп шектелүүдө. Белгилүү болгондой, бүгүн сот анын баш коргоо чарасын карайт.
Ал ортодо УКМКда бул маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.
ЭКККМК дагы кызматкеринин кармалышы боюнча үн катышкан жок.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз