«Мен аларга ишенбейм». Мамлекеттик комиссия менен жолугушуунун алдында Кой-Таштын жашоочуларынын маанайы кандай?
Айылдын жашоочусу бүгүн 7-8-август окуялары боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө өз нааразычылыктарын билдирмекчи. Ал жерде жалаң Атамбаевдин каршылаштары чогулган деп ишенет ал
Кой-Таштагы окуялар боюнча мамлекеттик комиссияда Алмазбек Атамбаевге каршы болгондор менен өкмөтчүл кишилер гана отурат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кой-Таш айылынын тургуну Нуржамал Ташыбаева билдирди.
Тактай кетсек, бүгүн мамкомиссия Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө көчмө жыйын өткөрөт. Комиссиянын мүчөлөрү Кой-Таш айылынын жашоочулары менен кезигип, 7 жана 8-августта түзүлгөн кырдаалдын жагдайларын талкууга алышат.
Ташыбаеванын пикиринде комиссия акыйкат чечим чыгарбайт.
- Мен алардан кандайдыр-бир акыйкат чечим күтпөйм, алар азыркы бийликтин тапшырмасы менен иштешет, - деди Кой-Таш айылынын жашоочусу. - Алар бул маселени ар тараптуу карашы керек эле, азыр болсо ким кайда турганын, ким атканын эле териштирип атышат. Бул тергөөнүн иши да.
Ташыбаева, мындан сырткары, мамлекеттик комиссия мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы жасалган атайын операциянын жүрүшүндө жабыркаган жай тургундардын укуктарын колдобой жатканын кошумчалады.
- Алар бизди бул окуяларга күнөөлөшүүдө - Солдаттарга биз ок чыгарбагыныбызды эске салгың келет. Алар өздөрү келип, ок чыгара башташты. Бизде бул окуялар боюнча бардык материалдар бар, бирок, ал эмес акыйкатчы да маселелерибизди чече алган жок. Ал деле көрсө бийликтин кадры экен. Бүгүн, комиссиянын көчмө жыйыны болот, мен ал жакка барып, болгон нааразычылыктарымды билдирем, - деди айыл тургуну.
Гулиза Чудубаева
фото www