«Бийлик ишеничтен кетти!». Кой-Таштын жашоочулары мамлекеттик комиссияны жолугушууда сынга алышты
Жабырлануучулар мамкомиссиянын мүчөлөрүнөн көчмө жыйынды окуя болгон жерде өткөрүүнү суранышууда
Кой-Таш айылынын жашоочулары 7-8-августта өткөн окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиядан көчмө жыйында окуя болгон жердин өзүнөн өткөрүүнү суранышууда. Бул тууралуу комиссиянын Чүй облустук администрациясындагы жыйынында айыл жашоочуларынын бири Зулайка Эргешова айтты.
Белгилей кетсек, бүгүн комиссиянын көчмө жыйынын өтүүдө.
Анын айтымында көптөгөн кой-таштыктар жыйынга келе албай калышкан.
- Комиссиянын мүчөлөрү окуялар орун алган жерге барып, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүшү керек, - деди Эргешова. - Көбү бүгүн келе албай калышты.
Ошондой эле ал мамкомиссиянын өзүнө дагы ишеничи жок экенин билдирди.
- Бийликке дагы ишенич жок, - деди аял. Биз улам сурак бергени барып жатабыз, чарчадык.
Кой-Таштагы окуяларды иликтеген мамлекетик комиссиянын мүчөлөрү өз кезегинде окуя болгон жердин өзүнө барып кетишерин убадалашты.
Айылдын башка жашоочусу Кой-Таштагы кырдаал депутаттардын Алмазбек Атамбаевди «экс-президент» статусунан ажыратып салганынан келип чыгып, башаламандыктарга спецназдын башчылары күнөөлүү деген пикирде.
- Эки жума мурда статустан ажыратуу маселесин чечишип, суракка мажбурлап алып барууга аракеттеништи, - деп баш чайкады айыл тургуну. -Мына ушулар анан Кой-Таштагы окуяларга алып келди. Бийлик ал жерде жай тургундар болгонуна карабастан ок чыгарды. Алар болгону мурдагы президент менен учурашууга келишкен. Андан кийин спецназдын кызматкерлери жай тургундарды барымтага алып алды. Бир Атамбаевди кармоого канча каражат кетти. Опумбаев өзү көнөөлү жаңжалга. Адамгерчиликке каршы арызы жок эле кылмыш ишин козгош керек.
Гулиза Чудубаева
фото www