Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын финансы министрлиги: Финансы министринин иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлгөн эмес

 Бактыгүл Жээнбаева укук коргоо органдарына документтерди алууга өзү макулдугун бергенин мекеме тактап кетти

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «2019-жылдын 26-сентябрында Соттук өкүлчүлүк борборунун акча каражаттарынын максатсыз колдонулушу боюнча документтерди алуу тууралуу соттун чечими жана тергөөчүнүн тапшырмасы менен спецназдын катышуусунда КРнын финансы министрлигинде тинтүүлөр өтүп» жана «тинтүү министрдин иш бөлмөсүнөн башталганын» четке какты.

Чындыгында, 2019-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун акча каражаттарынын максатсыз колдонулушу боюнча документтерди алуу министрдин кабинетинде эмес, кызматтык документтер сакталган иш бөлмөдө Финансы министрлигин өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлгөн.

Документтерди алууга министр уруксат берген. ЭКККБМК (финполиция) тергөө органдары КРнын Жазык-процесстик кодексине ылайык, керектүү документтерди сотко чейинки өндүрүш алкагында алышкан.

Министрдин иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлбөгөнүн белгилейбиз.

КРнын Финансы министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх