Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кулов: «Ысык-Көл» мейманканасына өкмөттүн аппаратын көчүрүп баргыча, аны сатып эле салган оң

Экс-премьер немистер өз убагында бул мейманкананын долбоорун өтө начар деп табышканын эске салды

«Ысык-Көл» мейманканасына өкмөттүн аппаратын көчүрүп баргыча, бирөөлөргө сатып эле салган оң. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына мурдагы премьер-министр Феликс Кулов билдирди.

- Биринчиден, бул кымбат, - деп белгиледи ал. - Аны баштан-аяк ремонттош керек да. Анын үстүнө ал жерге коммуникациялардын бардыгын, телефондук байланышты алып баруу да оңой эмес. Көптөгөн көйгөйлөр чыгат жана чоң чыгымдарга алып келет. «Ысык-Көл» мейманканасы жөн эле турат, андан көрө аны сатып салуу керек.
Муну менен бирге Феликс Шаршенбаевич КРна келген немистердин мейманкананын долбоорун начар деп табышканын эске салды.

- Өз убагында ал жакка немистер келген, - деп сөзүн улады өкмөт башчы. - Анын имаратын заманбап мейманканага айлантуу үчүн көрсөтүшкөн. Немистер имараттын шыбы абдан ылдый экенин жана жайгашкан жери да начар экенин айтышкан. Ошондой эле, алар имараттын долбоорунун өзү да начар экенин, андан тийиштүү деңгээлдеги заманбап мейманкана чыкпасын, уратып салуу андан көрөө пайдалуураак болоорун айтышкан. Бул немистердин сөзү. Ал жерде болгондор билет: лифтке жетүү үчүн тепкич менен чыгыш керек. Бул долбоор советтик кез үчүн да артта калгандардын арасында болчу. Немистер туура айткан деп ойлойм.

Сөзүнүн жыйынтыгында Феликс Кулов «Ысык-Көл» мейманканасынын имаратын сатып эле салуу ыңгайлуу болоорун дагы бир ирет кайталап кетти. Алдын ала кандай келечектеги долбоорлордун идеяларын макулдашып алууга болот.
Эске салсак, бир нече күн мурда парламенттин жыйынында ЖКнын депутаты Экмат Байбакпаев өкмөттүн аппаратын Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасынын имаратына көчүрүүнү сунуштаган. Эл өкүлү мындай кадам шаардын көчөлөрүндөгү жол тыгындарын азайтарын белгилеген.

 

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх