Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Канатка боштондук!». Атамбаевдин мурдагы жан сакчысынын айылдаштары митингге чыгышты (видео)

Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын жашоочуларынын айтымында Сагымбаевдин жубайына кечээ жакында эле операция жасалган

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы күзөт башчысы Канат Сагымбаевдин айылдаштары аны камактан бошотууну талап кылышууда.

Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын жашоочулары Сагымбаевдин иши боюнча калыс тергөөнү камсыздап берүү боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.

УКМКнын 9-кызматынан жакында эле бошотулган Атамбаевдин мурдагы жан сакчысынын мектептеги мугалимдери жана аксакалдар сөз менен чыгышты.

Аялдар Канат Сагымбаев үлгүлүү окуучу болгонун жана өз өлкөсүнүн патриоту экенин белгилешти.
Муну менен бирге алар УКМКнын мурдагы кызматкеринин жубайы оорулуу экенин, жакында эле операцияны башынан кечиргенин, үйүндө төрт жаш баласы күтүп жатканын эске салышты.

Мындан сырткары, чогулгандар сотту Сагымбаевге карата акыйкатсыз чечим чыгарды деп айыптышты.

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы күзөт башчысы соттун чечими менен Бишкектеги СИЗО-1ге 8-октябрга чейин камакка алынган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх