Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кылыч Саркарбаев: Төлөгөн экөөбүз бир туугандайбыз, ал эми Дженго менен мен жөн гана учурашып койгом

Ош мэриясынын алдындагы спорт комитетинин башчысы криминалдык төбөл менен чогуу тартылган видео, ММА мушкерине атылган ок жана окуядан кийин ал кайда болгондугу туурасында айтып берди

Социалдык тармактарда белгилүү ММА мушкерине ок аткан деп шектелип жаткан Ош мэриясынын алдындагы спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев резонанс жараткан окуядан кийин аны эмне себептен бир нече күн таба албай коюшканын айтып берди.

Vesti.kg сайтына берген маегинде Саркарбаев ок жеген спортчу менен жакшы мамиледе экенин, алардын ортосунда эч кандай чыр болбогонун белгиледи.

- Төлөгөн экөөбүз спортто көптөн бери чогуубуз, бир туугандайбыз, муну бардыгы билет, - деп баса белгиледи Саркарбаев. - Бул сөздөрдү мени каралап, спортчулардын арасындагы кадырыма көлөкө түшүргүсү келген адамдар кылышууда деп эсептейм.

Буга чейин Саркарбаевдин Таласта өткөн Улуттук көчмөндөр оюнунан кийин байланышка чыкпай жатканы айтылган.

- Мен Улуттук көчмөндөр оюнуна даярданып жаткан маалда, Сахалинде тууганым жол кырсыгынан каза болуп калду, мен оюндар аяктаган соң дароо Жалал-Абадга аны менен коштошуу зыйнатына катышуу үчүн кеттим. Андан кийин, Таласта эле өзүмдү жаман сезип жаткандыгымдан, бейтап баракчасын (больничный) ачтыргам. Улуттук көчмөндөр оюндарында мени менен чогуу болгондор муну тастыктай алат. Ооруп жаткан маалда мен дайыма телефонумду өчүрүп коем, мени менен ушул үчүн байланышууга мүмкүн болгон эмес.

Ал ортодо, Ош мэриясынын алдындагы спорт комитетинин жетекчиси байланышка чыкпай жаткан маалда интернетте Саркарбаев менен «Дженго» каймана атка ээ кримтөбөл Кадыр Досонов тартылган видео пайда болгон.

-Бул жолугушуу так качан болгону эсимде жок. Болжол менен 5-7 жыл мурда, - деди Саркарбаев. Мен бул адамды сыртынан тааныйм, Ош эми чакан шаар эмеспи. Мекемеде мен таанышым менен жолугуп, чыгып бара жатканда «Дженгого» кезигип калгам. Биз учурашып гана койгонбуз.

Кылыч Саркарбаев бүгүн жумушуна чыкканын маалымдады.

Эске салсак, окуя 22-сентябрдын таңында болгон. ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу ок жеп, ооруканага түшкөн.

Спортчу алгач укук коргоо органдарына көрсөтмө берүүдөн баш тартып койгон, кийин ал өзүн өзү атып алганын айткан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх