Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын депутаты Бишкек ЖЭБге көмүр жеткирүү боюнча сынакта айрым бир компаниянын жеңишинде коррупциялык кызыкчылыкка ээби?

«Абдыкапар Султанов бул ишкананын директору болчу, бирок кийин фирмасын башка бирөөнүн атына жаздырып койгон»

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыкапар Султанов Бишкек ЖЭБне көмүр ташуу боюнча сынактк «Тегене» компаниясынын жеңишин сүрөмөлөп жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына отун-энергетика комплекси боюнча эксперт Расул Умбеталиев билдирди.

-Ал жакында эле ушул компаниянын директору болчу, бирок, бардыгы анын бул компаниянын кызыкчылыгын коргоп жатканы жөнүндө сөз кыла башташканда башка бирөөнү ордуна отургузуп койду. - Ал эми иш жүзүндө бардыгы мурдагыдай эле: парламент мүчөсү дайыма ишкананын аймагында жүрөт.

2019-жылдын 2-майында өкмөттүн «КРнын экономика тармактарын жана калкын 2019-2020-жылдагы күз-кыш сезонуна даярдоо жөнүндө» № 210 токтому чыккан. Анда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы менен «Электр станциялары» ААКна Бишкектин ЖЭБне ДСШ маркасындагы 60 миң тонна көмүр камсыздоо тапшырмасы коюлган.

«Электр станцияларынын» буйругуна ылайык, 1-августта 171 млн сомго отун сатып алуу боюнча конкурстук комиссия түзүлгөн. Анын курамына 5 аткаминер жана бир эксперт – Расул Умбеталиев кирген.

2 -августта комиссия конкурстук документацияны иштеп чыгып, бекиткен. Умбеталиевдин сунушу боюнча учуучу заттардын чыгышын бир ооздон 40 пайыздан өйдө эмес, ал эми эң төмөнкү күйүүчү жылуулукту - 4700 ккал/кгдан ылдый эмес (мамлекеттик стандарт) кылып табышкан.

26-августта конкурстук сунуштамалар ачылып, ага эки компания: жергиликтүү «Тегене» ЖЧК жана казакстандык «COMCO Marketing KZ» фирмасы катышканы белгилүү болгон.

«Тегене» акыркы 5-7-жылдан бери Бишкек ЖЭБне ДСШ маркасындагы көмүрдү жеткирүү боюнча жасалма монополист болуп келет, - дейт эксперт. - Казакстандык фирма ушундай эле Д, ДГ жана Г маркасындагы, 400 миң тонна көлөмдөгү кара алтынды борбор калаанын ЖЭБне ташып келүү боюнча сынактын катышуучусу».

Эки сунуштама тең алар сунуштаган көмүрдүн техникалык сыпаттамаларына байланыштуу четке кагылган. Сынакты ишке ашпай калды деп табышкан.

2019-жылдын 9-сентябрында «Электр станциялары» жаңы конкурстук комиссия түзөт, ага Расул Умбеталиевди кошушпайт, калган курам өзгөрүсүз калат. Эксперттин айтымында, комиссиянын мүчөлөрү төмөнкү күйүүчү жылуулукту 4100 ккал/кг деңгээлине түшүрүп, кайра сынак жарыялоо чечимин чыгарышат.

«ОАО «Электр станциялары» ААКнун башкы директору Таалайбек Толубаев «Тегене» ЖЧКна байланышы бар КРнын ЖКнын айрым депутаты өкмөттүк чиновниктер аркылуу төмөнкү күйүүчү жылуулукту 4100 ккал/кгга түшүрүүнү тынымсыз талап кылууда деп бир катар айтып келген», - деп белгиледи Умбеталиев.

2019-жылдын 30-сентябрында конкурстук сунуштамалар ачылып, анда биринчи сынактагыдай эле «Тегене» жана ТОО «COMCO Marketing KZ» катышканы белгилүү болот.

Умбеталиевдин пикиринде, бул жолу Бишкектин ЖЭБне Д, ДГ, Г маркасындагы 400 миң тонна импорттук көмүрдү 1 млрд 42 млн сомго сатып алуу боюнча сынакта колдонулгандай мамлекеттик сатып алуулардын бир этаптуу, эки пакеттик ыкмасы колдонулат.

«Конкурстук комиссия жана «Электр станциялары» ААКнун жетекчилиги «Тегене» кыргыз компаниясынын пайдасына чечим чыгарарына күмөнүм жок, - дейт эксперт. Биринчиден, анын кызыкчылыгын ЖКнын депутаты менен өкмөттүк аткаминерлер колдошот. Экинчиден конкурстук комиссия атайын «Тегене» үчүн сатып алына турган көмүрдүн сыпаттамаларын өзгөртүп берген. Үчүнчүдөн, өкмөттүн токтомунда кыргыз көмүрүн 60 миң тонна көлөмүндө сатып алуу көрсөтүлгөн.

Умбеталиев өкмөттүн 2019-жылдын 2-майында чыккан токтомунун катуу отун сатып алуу боюнча № 12-тиркемесинде бир катар техникалык каталар кетирилип, ташып келүүнүн мүмкүн эмес мөөнөттөрү көрсөтүлгөн.

«КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын беренелери одоно бузулган, атап айтсак, КРнын ««Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесине ылайык, товарлар импорттук жана кыргыз деп көрсөтүлбөйт жана эгерде сатылып алынып жаткан продукциялар окшош болсо, анда лотторго бөлүнбөйт, - дейт ал. Конкурстук комиссия дагы КРнын мамлекеттик стандартын одоно бузду. Мында мыйзамсыз баюу жана Кыргызстандын элин тоноо максатында олигархтык мыйзамдар иштеди».

Vesti.kg Жогорку Кеңештин сайтында көрсөтүлгөн Абдыкапар Султановдун телефон номери менен байланыша алган жок.

Белгилей кетсек, депутаттын расмий биографиясында анын 1998-жылдан 2015-жылга чейин «Тегене» ЖЧКнун директору кызматын ээлеп турганы көрсөтүлгөн.
2015-жылдын 4-октябрында ал «Өнүгүү-прогресс» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх