Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Конституциялык палата Атамбаевдин кол тийбестигин алып салынышынын мыйзамдуулугун октябрда карап чыгат

 Ирина Карамушкина чечим мурдагы президенттин пайдасына чыгарына көзү жетпейт

Конституциялык палата Алмазбек Атамбаевдинн экс-президенттик макамынын мыйзамсыз алынышы боюнча арызды октябрдын аяк ченинде гана карап чыгууну пландаштырууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖКнын депутаты, КСДПнын төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина маалымдады.

- Жараян соттордун ишинин көптүгүнөн октябрдын аягына дайындалган имиш, деп белгиледи ал. - Бирок, мен чечим Алмазбек Шаршеновичтин пайдасына болоруна ишенбейм. Конституциялык палата эмне дейт деп эч ким күткөн жок да. Бардыгы эчак чечилип калган.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова Конституциялык палатага Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги мыйзамдарды бузуу менен алынып салганы боюнча арыз менен кайрылышканын жазган.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх