Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азиз Батукаевдин иши боюнча 14 шектүү тергөө менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту

ИИМ тергөөнү жыйынтыктады. Бусурманкул Табалдиевге шектелип жатканы сыртынан маалымдалып, эл аралык издөөгө салынды

ИИМнин тергөө кызматы тарабынан Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулушу боюнча КРнын ЖКнин 319-беренесинин (Коррупция) 2-пункту боюнча сотко чейинки өндүрүш иши каралууда.


Бүгүнкү күнгө карата сотко чейинки өндүрүш боюнча 19 шектүүгө билдирме тапшырылды. Бусурманкул Табалдиев сыртынан маалымдалып, эл аралык издөөгө, анын ичинде «Интерполдун» линиясы менен дагы алынды.

14 шектүү тергөө менен кызматташуу туурасында келишим түзүлгөн, 5 шектүү келишимге кол койгон эмес.

18 шектүү кылмыш ишинин материалдары менен таашынып чыгып, 2019-жылдын 27-сентябрында кылмыш ишинин материалдары башкы прокуратурага кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун текшерип, ишти сотко өткөрүп берүү үчүн жиберилди.


ИИМнин басма сөз кызматы
Фото www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх