Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция бала бакчаларды кыдырып, Бишкектеги митингге катышкандар тууралуу маалымат чогултуп жүрөбү? (видео)

 Чек арадагы чыр боюнча нааразычылык акциясына катышкан активист Урмат Жаныбаев күч түзүмдөрүнүн кысымы туурасында айтып чыкты. Анын айтымында «Бакиевдердин маалында да мындай болгон эмес»

Милиция кызматкери бала бакчага келип, жетекчиликтен активист Урмат Жаныбаевдин үй-бүлөсү тууралуу маалымат сурап баштаган. Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык тармагындагы өз баракчасына жазган.

Активисттин айтымында анын үч жаштагы кызы барган бала бакчага штаттык кийимчен милиция кызматкери барып, анын үй-бүлөсү тууралуу сураштырып баштаган. Бирок, бала бакчанын кызматкерлери бакчада тарбияланган балдар тууралуу маалымат берүүгө укуктары жок экенин айтышкан.
Мындан сырткары, Жаныбаевдин айтымында буга чейин активисттин апасы жашаган көп кабаттуу үйдүн домкомуна дагы милиция кызматкерлери келип, алардын үй-бүлөсү тууралуу маалымат алууга аракеттенишкен. Кийин алар апасынын үйүнө келишип, кандайдыр-бир көз боемучуну издеп жатышканын айтышып, үйдө канча киши жашайт, канча киши катталганын да тактайлык дешкен экен. «Мен ушулардын бардыгына көз жумуп, унчукпай келгем, бирок, кызым менен болгон окуя акыркы тамчы болду окшойт. Алар адамдын эң таалуу жерине - балдарым менен жакындарыма тийишип жатышат, мен муну менин үй-бүлөмө карата ачык коркутуу катары баалайм», - деп жазган Жаныбаев

Активист укук коргоо органдарынка кайрылып, суроолору болсо жеке өзүнө кайрылууну суранган.

«Укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлерине кайрылам - эгерде мага суроолоруңар болсо, түз эле өзүмө кайрылгыла. Мындай ыплас ыкмаларыңарды токтоткула, силерде дагы бала-бакыра, жакындарыңар бар, аларга карата кимдир-бирөөдөн коркунуч келгени силереге дагы жакмак эмес. Видеодогу бул арам ойлуу оң рулдуу B 7515 AL же AU номериндеги Тойота виндом менен келген. Таанып-билгендер болсо байланышууңуздарды суранам, бүтүн Кыргызстанга белгилүү кылалык, биз укук коргоо органдарында ыплас иштер кимдин колдору менен жасалып жатканын билишибиз керек. Менимче, Бакиевдердин маалында дагы мындайлар болгон эмес», -деп жазган Жаныбаев.

Муну менен бирге Урмат Жаныбаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланышкан митингдин башка катышуучуларына дагы куугунтук жүрүп жатканын белгилеген.

«PS. Баткендеги чек арага байланыштуу митингдин башка катышуучуларына дагы куугунтук жүрүп жатат - ата-энелерине, домкомдорго, коңшу-колоңдорго ж.б. барып, бул митингден чет өлкөлүк из табууга аракет кылып жатышат. Ал эми элдер митингге эч кимден акча албай эле чын ниеттен катышканын алар түшүнбөйт, анткени, алар өздөрү бардыгын акча үчүн гана жасап көнүп калышкан. Акча үчүн алар бардыгына даяр, жерлерибизди сатууга да. Укук коргоо органдары мына ошолор менен - жерлерибизди бөлүп сатып аткандар менен күрөшпөйбү, анын ар бир топурагына кайдыгер эмес жарандарга асылбай. Биздин тышкы иштер министрлигинин ООНдун ассамблеясында Кыргызстандагы күчтүү жарандык коом туурасындагы кооз сөздөрү - болбогон кеп. Бизде азыр жарандык коомду жок кылып, полициялык мамлекет орнотуу үчүн жанталашып жатышат», - деп сөзүн жыйынтыктаган активист.

Урмат Жаныбаев публикациясына эки видео кошуп койгон.

Vesti.kg Бишкектин ШИИБне кайрылды. Алар Фейсбук социалдык тармагында жарыяланган бул маалымат боюнча текшерүү башташканын маалымдашты.


Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх