Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмамбет Шыкмаматов: Өкмөт уран кени боюнча саботаж кылып жатат

Депутат кабминдин мүчөлөрү беш айдан бери мыйзам долбоорун Кожобек Рыспаевдин иш бөлмөсүнө жеткире албай жатышканын айтып чыкты

Кыргызстандын өкмөтү уран менен торийди казуу боюнча мыйзам долбоорунан саботаж кылып жатат. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

- Былтыр бир жарандарыбыздын талабы менен уран менен торийди казууга тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыкканбыз, - деп эске салды ал. - Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен вице-премьер Жеңиш Разаков бул документти колдошорун айтышкан эле. Бүгүн болсо алар жасалма саботаж кылып, беш айдан бери Кожобек Рыспаевдин кабинетине алып келбей жатышат. Ал эмес эки жолу бул маселени күн тартибинен алып салышты. Андай болсо өкмөт башында эле «Уранды каза беришсин, биз каршы эмеспиз» деп ачык айтса болмок.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх