Батукаевдин иши боюнча тергөө менен кызматташууга макул болгон шектүүлөр кимдер?
ИИМ эмнеге алардын аты аталбай жатканын түшүндүрдү
ИИМ тергөөнүн кызыкчылыгында Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөө менен кызматташууга макул болгон шектүүлөр тууралуу маалымат тараткан жок. Vesti.kg сайтына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы мына ушундай жооп кайтарды.
- Тергөөнүн кызыкчылыктары бар, - деп мекеме кезектеги жолу кайталады. -Бизде алардын фамилиялары көрсөтүлгөн эмес. Тергөө кызматы бул шектүүлөрдүн аты, кызматы туурасында бизге маалымат берген жок. Бул ишти эми Башкы прокуратура окуп чыгат, андан кийин сотко өтөт.
Ал ортодо юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев Vesti.kg сайтына берген маегинде Кыргызстанда «тергөөнүн купуя сыры» эмне экенин жакшы түшүнүшпөрүн белгиледи.
- Америкада «тергөө менен макулдашуу» тажрыйбасы байма-бай колдонулат, - деди профессор. - Тергөө менен макулдашууга барган адамдар, ал тургай кылмыш жоопкерчилигинен дагы такыр эле бошотулуп калышы мүмкүн. Келбетин өзгөртүп, алар айрым учурда күбөлөрдү коргоо программасы менен дагы колдоно алышат. Ал жерде өкүм чыгарууда айрым укуктук кесепеттер бар. Жеңилирээк жаза алуу мүмкүнчүлүгү да жок эмес. Бизде болбо тергөө менен кызматташууну башкача түшүнүшөт.
Мындан сыртары, Осмоналиевдин пикиринде «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук процесс өлкөдө өткөн иштердин эң кызыктууларынын бири болорун белгиледи.
- ИИМ маалымдаган 14 шектүү тууралуу болсо, негизги шектүүлөр өздөрүн күнөөсүз деп эсептегендиктен аттарын атоого макул болушпаганы түшүнүктүү, - деп сөзүн улантты юрист. Бул алардын позициясы. Алардын кылшмы-процессуалдык укугу. Бирок, кызматташууга макул болуунун өзү эле де-факто күнөөнү моюнга алуу демек. Жарым-жартылайбы же толукпу - сотто көрсөтмө бергенде анык болот. Бул адамдар кантип жана канчалык деңгээлде күнөөлөрүн моюнга алат - бул башка маселе.
Муну менен бирге Кайрат Медербекович «криминалдык төбөлдүн» бошотулушу боюнча коомчулукта жалпы бир пикир учурда түзүлгөнгө жетишкенин белгиледи. Проффесордун ою боюнча тергөө калыс иш жүргүзүп, бул тарыхтагы эң бир терс көрүнүшкө тиешеси барлардын бардыгын тапкан.
Медина Купсулдаева
Фото www