Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаттары саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссия түзүүнү сунушташууда

Тарых илимдеринин доктору бул демилгенин өзгөчө муктаждыгы жоктугун айтты

Кыргызстанда 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссия пайда болушу мүмкүн. Депутаттардын тобу тийиштүү мыйзамга толуктоолорду коомдук талкууга койду.

Депутаттар реабилитация кылууга мүмкүн болбогон жана алар боюнча айыптоо талашсыз мыйзамдуу деп саналган кылмыш курамдарынын тизмесин кыскартууну сунуштоодо. Ошондой эле репрессияга кабылган жарандарды реабилитациялоонун жаңы тартибин аныктап, бул максатта Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлүп, КРнын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, экология жана этнография институтунун алдында иштечү комиссияны бекитүү сунушталды.

Комиссиянын курамы төмөнкүдөй болушу мүмкүн:

- Соттордо жарандардын кызыкчылыктарын коргоого адистешкен өкмөттүк эмес уюмдардан беш өкүл - Жогорку Кеңештин профилдик комитети түзгөн жумушчу топ тарабынан сынактык негизде тандалышат;
- Кыргызстандын советтик кездеги тарыхын изилдөө боюнча адистешкен үч окумушту;
- Акыйкатчы, прокуратура, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынан жана Кыргыз Республикасыцнын мамлекеттик архивдик кызматынан бирден өкүл.


Тарых илимдеринин доктору профессор Айнура Арзыматова өз кезегинде Vesti.kg сайтына берген маегинде мындай комиссия түзүүнүн өзгөчө муктаждыгын көрбөгөнүн билдирди.
- Таң калычтуу, депутаттары эмне болуп бул теманы эстеп калышты?, - деди ал. Бизде башка орчундуу көйгөлөр калбай калгансып. Кыргызстанда репрессияга дуушар болгондордун ичинен реабилитация болбогондор аз эле го, менимче.
Айнура Атыгаевна мындай иш көптөгөн убакытты талап кыларын кошумчалады.

- Жүз жылдык нечегендеген документтерди изилдеп чыгыш керек, - деди ал. Бул бир бүтүндөй институттун колунан гана келе турган иш. Эл өкүлдөрү изилдөө кайсы каражатка жүргүзүлөөрүн такташкан жок. Жаңы комиссия түзүп, Жогорку Кеңештен кеткенден кийин өздөрүнө жумуш ордун табуу аракетин көрүп жатышпаса эле болду.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх