Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Икрамидин Айткулов: ИИМ менен УКМКнын башчыларына каршы жазган арызымды ушул күнгө чейин катташа элек

Юрист Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевди 7-8-августтагы окуялар боюнча жоопкерчиликке тартууну талап кылууда

Икрамидин Айткуловдун ИИМнин башчысы Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевге каршы жазган арызы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттала элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Айткулов өзү маалымдады.

- Сентябрдын башында мен Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевге каршы арыз жөнөткөм, - деди адвокат. 8-сентябрда жооп алгам, анда Башкы прокуратура арызды Аскердик прокуратурага жөнөткөнү айтылган. Алар аны Курсан Асановдун иши боюнча тергөө тобунун жетекчисине жиберишкен.

Айткулов эмнеге Аскердик прокуратура анын арызы Асановдун кылмыш ишинин алкагында каралышы тууралуу жазуу түрүндө буюрганын түшүнбөйт. Юристтин айтымында, анын арызы Айткулов коргоп жаткан Курсан Асановдун ишине кошо байланбашы керек. Бул себептен юрист анын арызын Асановдун ишине кийлигиштирбөө өтүнүчү менен кайрадан арыз жазган.

- Тергөө группасынан мен башка жооп ала элекмин, - деп сөзүн улантты Айткулов. - Мен арызымда УКМКнын төрагасы менен ички иштер министри эң алгач «Альфанын» жоокери каза таап, ИИББнын башчысы оор жаракат алган 7-августтагы окуялар боюнча жоопкерчиликке тартылышы керектигин жазгам. Менин арызымды эмнегедир Курсан Асановдун ишинин алкагында текшерүүнү сурап жатышат. Ал Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталышы керек эле, бирок, бүгүнкү күнгө чейин каттала элек.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх