Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 6 пайыз менен мамлекеттик ипотека 2019-жылдын ноябр айынан тарта бериле башташы мүмкүн

МИКна 500 милллион сом бөлүп берүү боюнча долмоор мекемелердин макулдашуусунан өтүүдө

6 пайыз менен мамлекеттик ипотеканы кыргызстандыктар 2019-жылдын 1-ноябрынан тарта ала алышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруу төрагасынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу билдирди.

- Бул багытта иштер активдүү жүрүүдө, биз 2019-жылдын 1-ноябрынан баштап, 6 пайыз менен жаңы кредиттер бериле баштайт деп ниеттенүүдөбүз. - Учурдагы кредиттер боюнча 1 пайызга жеңилдетүү болушу мүмкүн, тийиштүү эсеп-кысаптар жүргүзүлүп жатат.

2019-жылдын 12-июлунан тарта МИК каржылоонун жетишсиздиген мамипотека берүүнү токтоткон, бул көйгөй дагы чечилүүдө, - деп белгиледи Үсөнакун уулу.

- Экономика министрлиги 500 млн сомдук кошумча каражат бөлүүнү демилгелеген, - деп билдирди компаниянын башкаруу төрагасынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу. Азыр долбоор тийиштүү мекеме жана министрликтердин макулдашуусунан өтүүдө. Токтомго кол коюлуп, бизге акча түшкөндөн кийин биз дароо кредит берүүнү кайрадан баштайбыз.

Эске салсак, 2019-жылдын июль айында Мамлекеттик ипотекалык компания кредит берүүнү каражаттын жоктугунан токтотуп койгон.

Ал эми 12-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков МИКнын башкаруу төрагасы Элмира Абжапарова менен жолугушуу өткөрүп, анда ипотекалык кредиттерди жеткиликтүү кылуу максатында пайыздык чендерди азайтууну сунуштаган.

Абжапарова жакынкы аралыкта компания 6 пайыз менен кредит берүүнү жана учурдагы кредиттердин пайыздык ченин 7 пайызга чейин азайтууну пландаштырып жатышканын белгиледи. Экөө тең KFW немис банкынын жардамы менен ишке ашырылууда.

Мамлекет башчы кыргызстандыктарга 6 пайыз менен ипотеканы 2018-жылдын сентябрь айында эле убадалаган эле.

«Ипотека бюджеттик кызматкерлерге эле эмес, турак-жайга муктаж бардык жарандарга жеткиликтүү болот», — деп билдирген ал Кемин районунун жашоочулары менен жолугушуусунун жүрүшүндө.

Ольга Федорчук
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх