Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Ангела Меркель менен Франк-Вальтер Штайнмайерди Кыргызстанга чакырды

Мамлекет башчы Германиянын президенти жана канцлерин Германиянын биримдик күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 3-октябрда Германия Федеративдин Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерди жана Федералдык Канцлери Ангела Меркелди Германиянын улуттук майрамы - Биримдик күнү менен куттуктады.
«Эки өлкөнүн ортосунда ийгиликтүү саясий диалог жана кызматташуунун ар кандай деңгээлиндеги ишенимдүү байланыштар түзүлгөнүн канааттануу менен белгилейм. Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелери мындан ары дагы өнүгө турганына терең ишенем. Сиздер менен болгон жолугушууларга жана Берлинде болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына абдан кубанычтамын. Ортодо жетишилген макулдашуулар эки элдин жаркын келечеги үчүн кызмат кыларына ишенем», - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Франк-Вальтер Штайнмайерди жана Ангела Меркелди Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырып, аларга бекем ден соолук жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Германия элине бакубатчылыкты жана өнүгүүнү каалап өттү.
.
Президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх