Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Электр станциялары» УЭХКнин жетекчилиги «Токмоктук графтын» тузагына илингенби?

Казакстандык олигарх күйүүчү майды ташуу «Прогресс Компани» жана «Рассвет Компани» көмүр кампалары ачылып, кылмыш иштери жабылгандан кийин гана башталат деп ультиматум койгон

«Токмоктук граф» аты менен белгилүү болгон казакстандык олигарх Алижан Ибрагимов кыргызстандык аткаминерлерди 6 млн долларга «сатып алып» бардык «көмүрдүк» кылмыш иштерин жаптырып салган. Бул тууралуу коомдук ишмер, отун-энергетика комплекси боюнча эксперт Расул Умбеталиев билдирди.

Ал ЖЧШ «КонтактУглеПром» компаниясынын 1 млрд 420 млн сомго «Д» маркасындагы 400 миң тонна казакстандык көмүрүнүн Бишкек ЖЭБне ташуусун алдын ала даярдалган саясий акция деп атады.

Умбеталиев 2019-жылдын 2-9-июлунда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комиттетин, Улуттук энергохолдингдин жана «Электр станцияларынын» өкүлдөрүнөн турган комиссия таш көмүрдүн «Д», «ДГ» жана «Г» маркаларын казган төрт казакстандык компанияны карап чыккан.

«Негизинен «Электр станцияларынын» кызмат жана бөлүм башчылары и ОА «Шубарколь Комирдин» аткаруучу директорлору менен сепараттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн», - дейт эксперт - Алар: «Сиздердин көмүрр бизге толугу менен жооп бербейт, бирок, биз аны кабыл алыш үчүн болгон аракетти кылабыз» дешкен.
Андан кийин, анын айтымында аткаминерлер Шабыркүл көмүр кенинин жана ЖЧШ «КонтактУглеПром» казак компаниясынын ээси, «Токмоктук граф» Алижан Ибрагимовдун өзүнө телефон чалышып, «откат» үчүн анын фирмасы сынактан жеңип, Бишкектин ЖЭБине көмүр ташырын убадалашкан.

«Откаттардын» суммасы 6 млн АКШ долларынан ашкан, - дейт коомдук ишмер. - Ошентип, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдын одоно бузулушу менен, ишкананын керектүү квалификациялык талаптарга жооп бербешине карабай, «Электр станциялары» ААКнун конкурстук комиссиясы ЖЧШ «КонтактУглеПром» казакстандык компаниясын сынактын жеңүүчүсү деп мыйзамсыз негизде тапкан.

Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы көз карандысыз мекеме аралык комиссия конкурстук комиссиянын тыянагын колдоп берген.

«Электр станцияларынын» башчысы Таалайбек Толубаев бир нече ирет конкурстук комиссиянын ишине кийлигишкен, - деп кошумчалады Умбеталиев. - Конкурстук документациянын квалификациялык талаптарынын бирин бири-бирине түз тиешеси жок башка талап менен алмаштырып коюшкан. 2019-жылдын 8-сентябрында Таалайбек Толубаев ЖЧШ «КонтактУглеПром» казак компаниясы менен келишимге койгон.

«Өкмөттүк аткаминерлер өздөрүнүн ач көздүгүнөн казак олигархынын тузагына илинип калышты», -деп билдирди эксперт.

Анын айтымында «Токмоктук граф» Алижан Ибрагимов күйүүчү майды ташуу Кара-Балта, Бишкек, Токмок, Балыкчы, Кара-Көлдөгү бардык көмүр кампалары ачылып, «Прогресс Компани» жана «Рассвет Компани» компанияларына каршы бардык кылмыш иштери жабылгандан кийин гана башталат деп ультиматум койгон.

Эскерте кетсек, кампалар 2019-жылдын 17-июнунда Жогорку Кеңеш менен КРнын башкы прокурорунун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкектин ЖЭБне мыйзамсыз көмүр ташууга жана анын «Прогресс Компани» менен «Рассвет Компани» компаниялары менен жалпы кызыкчылыктары болушу мүмкүндүгү тууралуу чечимдеринин негизинде Аскердик прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында печатталып жабылган.

«26-сентябрда бардык көмүр кампалар жабылгандан кийин «КонтактУглеПром» итке тамак бергендей кенедей көлөмдө көмүрдү 60 миң тонна жеткирүү керек эле, келишим боюнча 10 миң тонна, ал эми реалдуу түрдө жеткиргендери - болгону 2.8 миң тонна болгон. Кыязы, бул кылмыш иштеринин жабылышынын кечиктирилишине байланыштуу».

Муну менен бирге серепчи «Электр станцияларынын» учурдагы директору Таалайбек Толубаев менен Улуттук энергохолдингди төрагасынын орун басары Абдылда Исраилов бул ишканынын башкы директорлорлугун ээлеп турган кезде 2014-2017-жылдардагы Бишкектин ЖЭБне «Прогресс Компани» ЖЧК жана «Рассвет Компани» ЖЧК тарабынан казак көмүрлөрүн мыйзамсыз ташуу боюнча кылмыш ишинин фигуранттары болгонуна карабастан кызмат орундарын дагы деле ээлеп тургандарына айраң таң.

«Казак олигархтары кыргыз өкмөтүнүн аткаминерлерин 6 млн АКШ долларына сатып алышты, - деп ал агынан жарылды. - Чоңдор КРнын ЖКнин токтому менен көзөмөл органынын чечимин чымын чаккандай да көрбөйт. Ал эми аткаруу органынын жетекчилиги Кыргызстандын ар бир жаранынын абийир менен намфсын 1 АКШ долларына теңеп койду, бүтүндөй бир мамлекеттин ички иштерине мурундарын тыгып отурушат».


Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх