Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

«Сиздин акылман жана көп тармактуу саясатыңыз орус элинин жана жалпы дүйнөлүк коомчулуктун сый-урматына татый алды»

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.


«Сиздин акылман жана көп тармактуу саясатыңыз, алысты көрө билүүчүлүк жогорку даражаңыз жана масштабдуу коюлган милдеттер Россияны ар тараптуу өнүктүрүүгө жана өлкөнүн гүлдөп өсүүсүнө багытталгандыгы, орус элинин жана жалпы дүйнөлүк коомчулуктун сый-урматына жана жогорку ишенимине татыктуу. Сиздин жеке көңүл бурууңуз жана конструктивдүү колдооңуз менен кыргыз-орус кызматташтыгы өнүгүп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер жаңы сапаттуу деңгээлге чыкты.


Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын көп кылымдык достук жана бирдиктүү тарыхы мындан ары союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн негиз катары кызмат кыларына терең ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.


Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге бекем ден соолук, жакшылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап өттү.

Президенттик аппаратттын маалыматтык саясат бөлүмү
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх