Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имараты азырынча алынбайт

«Бишкек Башкы архитектуранын» гүл бакча боюнча идеясы колдоо тапкан жок

2010-жылы күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имараты азырынча ордунда эле калат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаардык кеңештин басма сөз кызматында билдиришти.

- Имарат азырынча алынбайт, анткени, анын ордуна эмне болору туурасында чечим азырынча жок, - дешти алар. - Бир жыл мурда «Бишкек Башкы архитектура» ал жер ди гүл бакча кылууну сунуштап, долбоорун да иштеп чыккан. Бирок, аны колдошкон жок. Жаңы долбоор азырынча жок.

«Бишкек Башкы архитектура» МИ Vesti.kg сайтына күйүп кеткен имараттын ордуна эмне кылса оң болору туурасында чечим чынында эле жок экенин тастыктады.

- Бул маселе кийинчерээк, коомчулуктун катышуусу менен дагы талкууланышы мүмкүн, - деди мекеменин басма сөз катчысы Ринат Шамсутдинов.

Эске салсак, 2018-жылдын октябрь айында Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев борбор калаанын мэри Азиз Суракматовдун чечими менен мурдагы Башкы прокуратуранын ордуна гүл бакча пайда болорун билдирген.

«Жакында пландык иштер башталат», - деп жазган ал Facebook социалдык тармагында.

Кечээ-жакында депутат Экмат Байбакпаев («Республика – Ата-Журт») күйүп кеткен имарат 10 жылдан бери ордунда турганын сындап чыккан.


Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх