Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Раимбек Матраимов Бишкекте өткөн футбол кечесинде конок болду. Футбол федерациясы комментарий берүүдөн баш тартты (видео)

Бишкектин ресторанында өткөн демөөрчүлөргө ыраазычылык көрсөтүү кечесине Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары дагы катышты

Борбор калаадагы ресторандардын биринде кечээ Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын, саясатчылардын, аткаминерлердин жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда кече болуп өттү.


Чакырылган коноктордун арасында МБКнын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун болгону да байкалды.


Футбол федерациясы Vesti.kg сайтына бул боюнча комментария берүүдөн баш тартышты.


- Ата мекендик футболдун учурдагы жана болочок демөөрчүлөрү чакырылган, деп түшүндүрүштү алар. - Иш-чаранын жүрүшүндө Спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин атынан аларга ыраазычылык каттары тапшырылды. Коноктордун арасында банктардын, элчиликтердин жана бизнес өкүлдөрү болду.


Мындан сырткары, федерацияда коноктордун тизмесин алар түзүшкөнүн кошумчалашты.


«Akipress» МА тарткан кадрлардан президенттик аппараттын биринчи орун басары Алмаз Кененбаевди да көрүүгө болот.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх