Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП: Кыязы, Алга Кылычевге кысым көрсөтүп коюшту, ошон үчүн ал бизге каршы көрсөтмө берди

 Кундуз Жолдубаева акыркы беттештирүүдө алардын мурдагы тарапташынын маанайы пас көрүнгөнүн айтты

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев Алмазбек Атамбаев жана партиянын башка өкүлдөрүнө каршы көрсөтмө берген. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева тастыктады.

Анын айтымында, акыркы беттештирүүдө Кылычев «кайгырып» турган.

- Акыркы беттештирүүдө Кылычевдин маанайы пас, чарчаган өңдүү болчу, - деп белгиледи Жолдубаева. -Анын ден-соолугу да начар, диабет жана астма менен ооруйт. Ага кысым көрсөтүп, ушундай жол менен мындай көрсөтмө алышкан болушу мүмкүн.

КСДПнын юристи Замир Жоошев дагы Vesti.kg сайтына Кылычев күтүүсүздөн өзүнүн тарапташтарына каршы көрсөтмө бергенин тастыктады. Жактоочу анын бийлик менен келишимге барганын божомолдойт.

- Кыязы, Кылычев тергөө менен макулдашты же эми макулдашат, -деди Жоошев. Ал КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев, Мээрбек Мискенбаевге жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө берди. Мындан сырткары, ал Алмазбек Атамбаевди 7-8 августта мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярданганын да айтыптыр.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев УКМКнын СИЗОсунда 26-октябрга чейин камакка алынган. Ага коррупция, укук коргоо органдарына каршы күч колдонуу, адам өлтүрүү, барымтага алуу жана массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча айыптар тагылган.


Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх