Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Самат Курманкулов азырынча үн жасоочу аппараттын жардамы менен сүйлөп жатат

 Дарыгерлер Чүй облусунун ИИББнын башчысынын колу-буттары акырындан кыймылдап баштагынын белгилешүүдө

Чүй облусунун ИИББнын башчысы Самат Курманкулов учурда өз алдынча сүйлөй албайт, ага үн жасоочу аппарат жардам берүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинде маалымдашты.

- Бүгүнкү күндө Самат Курманкулов Москвадагы реабилитациялык борборлордун биринде дарылануусун улантып жатат, - дешти мекемеде. Оң динамика байкалууда. Үн байламталары азырынча алсыз болгондугуна байланыштуу, үн жасоочу аппараттын жардамы менен сүйлөп жатат.

Эске салсак Чүй облусунун ИИББнын башчысы Самат Курманкулов Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операцияда башынан оор жаракат алган.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх