Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Өлкөнүн жарымы азыркыга чейин популист Өмүрбек Бабановдон калган чар-жайыттыктын азабын тартып отурат»

Премьер гаишниктерди айрым милдеттерден бошотту. Туура дешип, жаңыларын сунушташты

ЖКККББ кызматкерлерине айдоочулардын өздүгү автоунаанын техпаспортунда көрсөтүлгөнгө дал келеби-жокпу текшерүү функциясын берүүнү юридика илимдеринин доктору, профессор жана автосүйүүчү Кайрат Осмоналиев Vesti.kg сайтына берген маегинде сунуштады.

- Өлкөнүн жарымы азыркыга чейин ишеним катты (доверенность) жоюп салган популист Өмүрбек Бабановдон калган чар-жайыттыктын азабын тартып отурат, алардын арасында мен да бармын, - деди ал. -12 жыл мурда унаамды бир адамга [келесоого] саткам, азыр эми ал аны менен жол эрежелерин бузуп жүрөт, а мен аны таппай атам ошол бойдон. 6 миң сомго айыппул келди.
Юристтин айтымында эдүйнө жүзүндө эч бир жерде адамдар ишеним каты жок чоочун бир автоунааны айдап жүрө алышпайт.

- Гаишниктен ишеним кат барбы-жокпу текшеришсе жакшы болмок, - дейт Осмоналиев. - Ишеним кат жокпу - анда штрафстоянкага. Ээси келип, алып кетип, дароо өзүнө каттатсын. ЖКККББ мындай жол менен көптөгөн кыргызстандыктарга автоунааны каттаттууда жардам бермек.

Профессор өзүнүн идеясы менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КРнын ИИМнин ЖКККББ инспекторлорун бир катар документтерди текшерүү милдеттеринен бошотконунан кийин бөлүштү.

- Бул чындыгында эле ЖКККББ инспекторлоруна тийиштүү эмес милдеттер, - деди юрист. Муну салык кызматкерли рейд учурунда аткара алышат.

КРнын ИИМнин Байкоочу кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов Vesti.kg сайтына берген маегинде дүйнөлүк практикада бул милдеттерди жол тартибине көзөмөл кылчу полиция кызматкерлери эмес, башка кызматтар аткарарын белгиледи. Анткени, салык төлөгөндүгү боюнча маалыматты жана башка документтерди электрондук форматта деле оңой табууга мүмкүн.

Санариптештирүүнүн жолундагы жана Евразиялык экономикалык биримдиктин толук кандуу мүчөсү болгонуна бир нече жылдын жүзү болгон Кыргызстан дагы унификацияга далалат кылат. Бул процесстин алкагында өкмөттүн токтомунда жазылган милдеттер чындыгында ЖКККББнын кызматкерлери үчүн ашыкча болгонун Байкоочу кеңештин төрагасы белгиледи.

- Эми гаишниктер өзүнүн түздөн-түз милдеттери менен гана - жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо менен алектенишет. Өздөрүнө тийиштүү аймактарда жол тыгындарын болтурбоо, жол эрежелеринин аткарылышы ж.б. - детйт Даустов. Салыктарды төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк сыяктууларды тийиштүү мекемелердин кызматкерлери текшерет. Мен бул туура чара деп эсептейм.

Буга чейин Vesti.kg жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган жооптуу кызматкерлерди функцияларына дал келбеген бир катар милдеттерден бошотуу боюнча токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун кабарлаган..

Ага ылайык, ички иштер тармагындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери транспорт каражаттарынын айдоочуларынан төмөндөгүлөрдү текшерүүгө эми укугу жок:

- IV топтогу мүлккө (транспорт каражаттарына) салыктын төлөнгөнүн тастыктаган же аны төлөөдөн бошотулганын күбөлөндүргөн документти;
- транспорт каражаты менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу боюнча ишкерлик кылса, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк же ыктыярдуу патент же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн;
- кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү ташууда төлөм үчүн же жалдоо боюнча ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин.

Ольга Федорчук
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх