Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун жактоочусу Жогорку сотко кайрылат

Юрист жаңы ачылган жагдайлар боюнча иштин кайра каралып чыгышына аракет кылат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов Жогорку сотко жаңы ачылган жагдайлар боюнча саясатчынын ишин кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына юрист өзү маалымдады.

-  Документтерди кайсы күнү өткөрөбүз, азырынча белгисиз, бирок, кагаздар дайын, - деди адвокат Токтосунов. - Алгач биз бул маселени Жапаровдун өзү менен талкуулашыбыз керек. Жаңы ачылган жагдайлар жөнүндө сөз кыла турган болсок, алар абдан көп.

Эске салсак, 2018-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдогу митингди уюштуруу жана ошол маалдагы Ысык-Көл облусунун башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 11.5 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилген.
2019-жылдын апрель айында Жогорку сот Жапаровдун жактоочусунун арызын жарым-жартылай канааттандырып, жаңы кодекстердин күчүнө киргендигине байланыштуу жаза өтүү мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх