Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кундуз Жолдубаева ИИМ бүгүн ага карата «радикалдык чараларды» көрөт деп кооптонууда

Милиционерлер аны сурак белгиленген убакыттан эрте келүүгө шаштырууда

КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны бүгүн ИИМнин МТКна суракка саат 12:00гө чакырышкан, бирок, милиционерлер өздөрү менен «дароо» барууну айтышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.

Жолдубаеванын айтымында укук коргоо органдары процедуралык жолоборду бузушууда.

- Эшиктин артында Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери турат, алар чакыруу кагазын тапшырышты, - деди Жолдубаева. - Алар мени МТКна азыр жеткирүү керектигин айтып жатышат. Эмнеге анда 12:00гө чакырышат? Мен 12:00гө барабыз дедим.

КСДПнын төрагасынын орун басары криминалдык милиция ага карата «радикалдык чараларды» көрүшү да мүмкүн дейт. Ага бөгөт чара каралышы мүмкүн деп божомолдоду.


Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх