Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Искендер Матраимов: Менин бүгүнкү туулган күнүмдө бир дагы депутат болбойт

Депутат өзгөчө деле майрам өткөрбөй турганын айтты. Кичи мекенинде үй-бүлөсү менен жайыл дасторкондун үстүндө бирге тамактанышат болгону

ЖКнын депутаты Искендер Матраимов бүгүнкү туулган күнүн Ошто үй-бүлөсү менен өткөрөт. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү маалымдады.

-Мен азыр кичи мекенимде, Кара-Суу районундамын, - деди туулган күн ээси. Биз жаңы эле бул жакка мектеп ачып, балдарга мыкты шарттарды түзүп бердик. Мына ушуну чоң майрам десе болот. Туулган күнүмдү деле өткөрбөйм. Кечинде үй-бүлөм менен дасторкон үстүндө отуруп, тамактанабыз болгону. Конокко бир дагы депутат келбейт.

Белгилей кетсек, Искендер Матраимов бүгүн 57 жашка толду.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх