Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Үч жылдан бери өкмөт кыргызстандыктарга турак жайды камсыздандыруу эмнеге керек экенин түшүндүрө албай койду

«Кээ бирлер бул салыктын бир түрү деп ойлошот»

Аймактарда жашаган кыргызстандыктардын көпчүлүгү турак жайды милдеттүү камсыздандыруу эмне экенин түшүнүшпөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамимелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Жумагүл Эгамбердиева айтып чыкты.

- Бүгүнкү күндө бизде турак жайын камсыздандырууну каалаган жарандардын саны өтө аз, - деп белгиледи ал. - Анын үстүнө келишим бир жылга түзүлөт, андан кийин аны эч ким узарткысы келбейт. Элдер бир жылдын ичинде эч нерсе болбосо, кийин деле болбойт дешет. Ал эми кээ бирлер бул салыктын бир түрү деп ойлоп жүрүшөт. Биз үч жылдан бери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз, бирок көрсөткүчтөр дагы деле төмөн.

Эгамбердиева турак жайды милдеттүү камсыздандыруу - эң татаал түрлөрдүн бири экенин кошумчалады.

-Биз милдеттүү камсыздандырууну көп жыл мурда киргизген башка мамлекеттердин тажрыйбасын изилдеп чыкканбыз, - деди ал. Аларда деле 100 пайыздык көрсөткүч жок. Түркияда камсыздандырылбаган үйлөрдү коммуникацияларга да кошушпайт. Ушундай чаралар менен деле алар болгону 48 пайыз жарандарды тарта алышкан.

Тактай кетсек, Жогорку Кеңеште турак жайды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгө мыйзамга толуктоолорду киргизүү талкууланууда. Депутаттар камсыздандыруу учурларынан бир нече пунктту чийип салууну сунушташууда.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх