Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

МБК: Раимбек Матраимов менен түшкөн сүрөт 2015-жылы тартылган

Муну менен бирге бажы кызматындагылар сүрөттө мекеменин учурдагы башчысы чынында эле бар экенин мойнуна алышты

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен МБКнын учурдагы төрагасы Алтынбек Торутаев чогуу түшкөн сүрөт 2015-жылы тартылган. Мамлекеттик бажы кызматы Vesti.kg сайтына ушундай түшүндүрмө берди.


- Сүрөт 2015-жылы Ош шаарынын чет жакасында жеке иш-чарада тартылган, -деп түшүндүрүштү мекеменин басма сөз кызматы. - Иш-чара бажы кызматынын кызматерлеринин биринин чакыруусу менен өткөн. Ал маалда Раимбек Матраимов Ош бажысынын башчысы кызматын ээлеп турган. Ал 1997-жылдан 2017-жылга чейин бажы органдарында ар кандай кызматтарда эмгектенген. Сүрөттө андан сырткары тартылган Марифов Шарабидин Жолборсханович дагы бажы органдарында 1995-жылдан 2017-жылга чейин ар кандай кызмат орундарында иштеген. 2017-жылы, тилекке каршы Марифов автокырсыктан көз жумган.


Муну менен бирге МБК жарыяланган сүрөттө Раимбек Матраимовдун жанындагы адам чынында эле мекеменин учурдагы башчысы Алтынбек Торутаев экенин тастыктады.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg «Дело №» басылмасынын редакциясына МБКнын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун сүрөтү келип түшкөнүн, анын сүрөтүнүн жанындагы Мамлекеттик бажы кызматынын учурдагы төрагасы Алтынбек Торутаев болушу мүмкүндүгү айтылган.

Бирок, материал чыккан маалда басма сөз кызматы сүрөттөгү адам Алтынбек Торутаев эмес болушу мүмкүн деп билдирген.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх