Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagram

Жүрөк ооруйт. ИИМге сурак берүүгө кирип бараткан Кундуз Жолдубаева кичинекей кызы менен коштошту (фото)

  • 140 жолу кароо

КСДПнын төрагасынын орун басары буга чейин бүгүн анын баш коргоо чарасы каралышы мүмкүн экендигин билдирген

КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева учурда ИИМнин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берүүдө.

Тергөө иш-чараларына катышууга Жолдубаева кичинекей кызы менен келип, кызы апасын көчөдө күтүп калган.

Журналисттер эне-баланын жүрөктү козгогон коштошуусун тартып алышкан.

Эске салсак, Кундуз Жолдубаева буга чейин Vesti.kg сайтына бүгүн анын баш коргоо чарасы каралышы мүмкүн экендигин маалымдаган. Ал ага карата «радикалдык чаралар» да көрүлүшү мүмкүндүгүн божомолдогон.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Ой-пикир кошуңуз


Наверх