Депутат Асел Кодуранова 9-декабрга чейин үй камагына алынды
Тийиштүү чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды
ЖКнын депутаты Асел Кодуранова үй камагына алынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу маалымдады.
- Прокуратура чектөөлөрдү суранган, бирок, сот муну канааттандырган жок, - деди юрист. Айрым адамдар менен, маалыматык-телекоммуникациялык байланыш колдонууда жана 22:00дөн 6:00гө чейин убакыт боюнча чектөөлөр бар. Биз бул чектөөнү алып салууну өтүнгөнбүз. Сот аны тергөөнүн аягына чейин, башкача айтканда 9-декабрга чейин үй камагында калтырды.
Жактоочунун айтымында Асел Кодурановага 244-берененин («Барымтага алууну уюштуруу») негизинде айып тагылган.
Медина Купсулдаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз